Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 6-ноябры № 122
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 7-октябрындагы № 116 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан, Ош облусунун Өзгөн районунун Чангет айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо талапкерлер зарыл болгон сандагы депутаттардын добуштарын албай калгандыктан, аталган айыл өкмөт башчылары шайланган эмес. Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Б. Чойбеков, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысы К.С. Серенов каза болгондуктарына байланыштуу, Талас облусунун Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 24-октябрындагы № 274 буйругу, Ысык-Көл облусунун Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 31-октябрындагы № 93 тескемеси менен аталган айыл өкмөттөрүнүн башчысы кызмат ордулары бош калган. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан, Ош облусунун Өзгөн районунун Чангет айыл өкмөт башчыларын кайра шайлоо тиркемеге ылайык 2014-жылдын 20-ноябрына саат 10-00 дайындалсын.
2. Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөт башчыларын шайлоо тиркемеге ылайык 2014-жылдын 25-ноябрына саат 10-00 дайындалсын.
3. Жайыл, Өзгөн, Талас, Түп аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 6-ноябрындагы № 122 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоолорду өткөрүүнүн графиги
№
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысын шайлоо датасы жана убактысы
Чүй облусу Жайыл району
1.
Кызыл-Дыйкан
20.11.2014 ж., саат 10-00
Ош облусу Өзгөн району
2.
Чангет
20.11.2014 ж., саат 10-00
Талас облусу Талас району
3.
Бекмолдо
25.11.2014 ж., саат 10-00
Ысык-Көл облусу Түп району
4.
Михайловка
25.11.2014 ж., саат 10-00
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 27.12.2011 · № 423
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 7-октябрындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу…Постановление · 07.10.2014 · № 116
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.