# КР Президентинин 2009-жылдын 28-декабрындагы ПЖ № 606 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасын реформалоого байланышкан кээ бир маселелер жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2009-жылдын 28-декабрындагы ПЖ № 606 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасын реформалоого байланышкан кээ бир маселелер жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 606
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205108>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9065/edition/487267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205108.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2009-жылдын 28-декабрындагы ПЖ № 606 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасын реформалоого байланышкан кээ бир маселелер жөнүндө" Жарлыгы (25.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205108

---

КР Президентинин 2012-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 122 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК

2009-жылдын 28-декабры ПЖ № 606 Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасын реформалоого байланышкан кээ бир маселелер жөнүндө (КР Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы ПЖ № 111 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын түзүмүн оптималдаштыруу жана ишин өркүндөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүнүн имаратын күтүү жана эксплуатациялоо боюнча Дирекция Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүн тейлөө боюнча Департаментке кайра түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишин тейлөө функцияларын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Өкмөт Үйүн тейлөө боюнча Департаменттин карамагына өткөрүп берсин.

(КР Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы ПЖ N 111 Жарлыгынын редакциясына ылайык) 2-1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Өкмөт Үйүн тейлөө боюнча Департаменттин финансы жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн. (КР Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы ПЖ N 111 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүн тейлөө боюнча Департаменттин Жобосун, түзүмүн жана штаттык санын иштеп чыксын жана бекитсин.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын администрациялык мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри" деген № 2 тиркеме төмөнкү мазмундагы 1-1-глава менен толукталсын:

"1-1-глава

|  | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүн тейлөө боюнча Департаменти |  |
| --- | --- | --- |
| Башкы кызмат орду |  |  |
| Б1 |  |  |
| Б2 |  |  |
| Б3 | Директор |  |
| Улук кызмат орду |  |  |
| У1 | Директордун орун басары |  |
| У2 | Бөлүм башчы |  |
| У3 | Сектор башчы |  |
| Кенже кызмат орду |  |  |
| К1 | Референт |  |
| К2 | Башкы адис |  |
| К3 | Жетектөөчү адис, 1-категориядагы адис |  |

".

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
