Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 606 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасын реформалоого байланышкан кээ бир маселелер жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 25 июня 2012 года УП № 122 "О внесении изменений и дополнения в некоторые решения Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-06-25.
КР Президентинин 2012-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 122 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК
2009-жылдын 28-декабры ПЖ № 606 Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасын реформалоого байланышкан кээ бир маселелер жөнүндө (КР Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы ПЖ № 111 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын түзүмүн оптималдаштыруу жана ишин өркүндөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүнүн имаратын күтүү жана эксплуатациялоо боюнча Дирекция Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүн тейлөө боюнча Департаментке кайра түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишин тейлөө функцияларын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Өкмөт Үйүн тейлөө боюнча Департаменттин карамагына өткөрүп берсин.
(КР Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы ПЖ N 111 Жарлыгынын редакциясына ылайык) 2-1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Өкмөт Үйүн тейлөө боюнча Департаменттин финансы жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн. (КР Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы ПЖ N 111 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүн тейлөө боюнча Департаменттин Жобосун, түзүмүн жана штаттык санын иштеп чыксын жана бекитсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын администрациялык мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри" деген № 2 тиркеме төмөнкү мазмундагы 1-1-глава менен толукталсын:
"1-1-глава
| Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүн тейлөө боюнча Департаменти | ||
|---|---|---|
| Башкы кызмат орду | ||
| Б1 | ||
| Б2 | ||
| Б3 | Директор | |
| Улук кызмат орду | ||
| У1 | Директордун орун басары | |
| У2 | Бөлүм башчы | |
| У3 | Сектор башчы | |
| Кенже кызмат орду | ||
| К1 | Референт | |
| К2 | Башкы адис | |
| К3 | Жетектөөчү адис, 1-категориядагы адис | |
".
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Президентинин 2012-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 122 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 25.06.2012 · № 122
- Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 27-августундагы ПЖ № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" жарлыгыУказ · 27.08.2007 · № 385 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин 2012-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 122 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 25.06.2012 · № 122
- Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 27-августундагы ПЖ № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" жарлыгыУказ · 27.08.2007 · № 385 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.