# КР Президентинин 2008-жылдын 9-июнундагы ПЖ № 197 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2008-жылдын 9-июнундагы ПЖ № 197 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 197
- Кабыл алынган күнү: 09.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.10.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205106>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9063/edition/627737/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205106.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.10.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2008-жылдын 9-июнундагы ПЖ № 197 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу" Жарлыгы (26.10.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205106

---

КР Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы ПЖ № 443 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК

2008-жылдын 9-июну ПЖ № 197 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу Мамлекеттик кадрдык саясаттын натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын реестри" деген № 1 тиркеменин "Саясый мамлекеттик кызмат орундар" деген бөлүгүнүн "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы" деген бөлүмүнүн II тобу:

төмөнкү мазмундагы жаңы биринчи сап менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик кеңешчиси"; биринчи-бешинчи саптар тиешелүү түрдө экинчи-алтынчы саптар болуп эсептелсин.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
