# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205105)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 22-майындагы № 73 "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 73
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205105/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4982/edition/541015/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205105/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (22.05.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205105/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 224-1-статья менен толукталсын:

"224-1-статья. Ээлери тарабынан жер үстүндө жүргүзүүчү транспорт каражаттарын каттоо эрежелеринин бузулушу Жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарын каттоо эрежелерин сактабаганда жана өз убагында каттоодон өткөрбөөсү, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө, кызмат адамдарына - жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Эскертүү. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан салынган жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү администрациялык айыптарды өндүрүп алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөт·тарабынан аныкталат.".

2. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 546-4-статья менен толукталсын:

"546-4-статья. Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Кодекстин 224-1-статьясында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза берүүгө төмөнкүлөр укуктуу:

- транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана анын орун басарлары;

- транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын облустук, райондук жана шаардык бөлүмдөрүнүн, секторлорунун жетекчилери.".

3. 556-1-статьянын 2-бөлүгүндө "546-3" деген сан "546-4" деген санга алмаштырылсын.

4. 624-статьянын экинчи абзацында "мамлекеттик автомобиль инспекциясынын" деген сөздөр "транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205105/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205105/st-3)
