30-статья. Террорго каршы операцияны башкаруу боюнча оперативдүү штаб
Күчүн жоготкон · 04.07.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 4 июля 2022 года № 55.
1. Террорго каршы операцияны башкаруу үчүн террорго каршы операциянын жетекчиси тарабынан оперативдүү штаб чакырылат.
2. Террористтик актынын коомдук коркунучунун масштабына жана даражасына, күтүлүүчү терс кесепеттерине жана мүнөзүнө жараша террорго каршы операцияны башкаруу үчүн анын жетекчиси тарабынан республикалык же болбосо аймактык оперативдүү штаб чакырылат.
3. Террорго каршы операцияны башкаруу боюнча республикалык жана аймактык оперативдүү штабдын ишинин тартиби, түзүмү жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү оперативдүү штаб жөнүндө жобо менен аныкталат.".
8. 32-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-бөлүк менен толукталсын:
"3-1. Террорго каршы операцияны жүргүзүүчү адамдар террорго каршы операция жүргүзүлүүчү зонадагы террордук актыларды чектөө жана бөгөт коюу боюнча атайын операциялардын комплексин иштеп чыгышат.".
9. 43-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"43-статья. Террористке зыян келтиргени үчүн жоопкерчиликтен бошотуу Террорго каршы операцияны жүргүзүүдө, ошондой эле уюмдардын, топтордун жана айрым адамдардын террористтик жана экстремисттик ишине бөгөт коюу боюнча комплекстүү атайын иш-чараларды жүзөгө ашырууда ушул Мыйзамда белгиленген негизде жана чектерде террористтин өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө, ошондой эле башка укук коргоочулук кызыкчылыктарына аргасыз зыян келтирүүгө жол берилет. Мында терроризмге каршы күрөш боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга катышкан аскер кызматчылары, адистер жана башка адамдар террорго каршы операцияны жүргүзүүдө келтирген зыяны же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык террористти жок кылуу жөнүндө чечим кабыл алгандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.".
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205103/st-30" title="30-статья - "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>