1-берене
Күчүн жоготкон · 04.07.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 4 июля 2022 года № 55.
«Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 10, 854-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 3-статьяда "ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 5-статьянын 3-бөлүгүнүн 2-абзацында "Президенти" деген сөз "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.
3. 9-статья "ишканалар" деген сөздөн мурда "менчигинин түрүнө карабастан" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 15-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Террористтик актынын коркунучу келип чыккандыгы жөнүндө жана аны жасоого каршы аракеттенүү боюнча ушул Мыйзамдын 4-статьясында көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу ишти уюштуруу тууралуу калкка өз убагында маалымдоо максаттарында инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды көрүүнү караган террористтик коркунучтун деңгээлдери белгиленет. Террористтик коркунучтун деңгээлдерин белгилөөнүн тартиби жана инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кошумча чаралардын мазмуну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
5. 17-статьяда:
биринчи абзацында "жана анын аймактык бөлүктөрү" деген сөздөр алып салынсын жана "аткарышат" деген сөз "аткарат" деген сөзгө алмаштырылсын; экинчи абзацында "жүзөгө ашырышат" деген сөздөр "жүзөгө ашырат" деген сөздөргө алмаштырылсын; үчүнчү абзацында "талдашат" жана "иштеп чыгышат" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "талдайт" жана "иштеп чыгат" деген сөздөргө алмаштырылсын; төртүнчү абзацында "иштеп чыгышат" жана "координациялашат" деген сөздөр "иштеп чыгат" жана "координациялайт" деген сөздөргө алмаштырылсын; бешинчи абзацында "жүзөгө ашырышат" жана "талап кылышат" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "жүзөгө ашырат" жана "талап кылат" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 19-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "19-статья. Стратегиялык объекттердин жетекчилеринин жана менчик ээлеринин террорго каршы коргоо чөйрөсүндөгү милдеттери"; 1-бөлүгүндө "Коркунучтуулугу жогору жана жашоо-турмушту камсыз кылуучу объекттердин" деген сөздөр "Стратегиялык объекттердин" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүндө "аталган" деген сөз "стратегиялык" деген сөзгө алмаштырылсын; 3-бөлүгүндө "Коркунучтуулугу жогору жана жашоо-турмушту камсыз кылуучу объекттердин" деген сөздөр "Стратегиялык объекттердин" деген сөздөргө алмаштырылсын: 4-бөлүгүндө "Коркунучтуулугу жогору жана жашоо-турмушту камсыз кылуучу объекттердин тизмеси" деген сөздөр "Стратегиялык объекттердин тизмеси жана аларды террорго каршы коргоо боюнча чаралар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 28-30-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28-статья. Террорго каршы операцияны жүргүзүүнүн шарттары
1. Террорго каршы операция, эгерде ага башка күчтөр же ыкма менен бөгөт коюу мүмкүн болбосо, террористтик актыны токтотуу үчүн жүргүзүлөт.
2. Террористтик коркунучтун деңгээлдерин жана террорго каршы операциянын мыйзамдык режимин киргизүү жана жокко чыгаруу жөнүндө, ошондой эле террорго каршы операциянын жетекчисин дайындоо жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынын Террорго каршы борборунун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органынын жетекчиси же болбосо анын көрсөтүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органынын башка кызмат адамы кабыл алат.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жана зарыл болгондо - башка кызмат адамдарына террордук коркунучтун деңгээли жана террорго каршы операциянын укуктук режими киргизилгендиги жөнүндө, ошондой эле анын чектеринде террорго каршы операция жүргүзүлүп жаткан аймак жөнүндө кабарлайт.
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 04.07.2022 · № 55
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205103/st-1" title="1-берене - "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>