# Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 16-декабрындагы № 221 ""Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 16-декабрындагы № 221 ""Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 221
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205097>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4975/edition/1276983/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205097.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 16-декабрындагы № 221 ""Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205097

---

КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 16-декабры № 221

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205097/st-1)

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 47-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мамлекеттик билим берүү уюмдарынын имараттары жана курулмалары мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына гана өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын имараттары жана курулмалары менчиктештирилүүгө жана сатылууга жатпайт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205097/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
