# 7-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205095)
- Толук аталышы: РК 1991-жылдын 18-декабрындагы № 668-XII "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 668-XII
- Кабыл алынган күнү: 18.12.1991
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.05.1994
- Күчүн жоготуунун негизи: [Постановление Жогорку Кенеша КР от 27 мая 1994 года N 1532-XII "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/50739)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205095/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4973/edition/600918/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205095/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.05.1994 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө, 7-статья (27.05.1994 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205095/st-7

---

Республикасынын Жогорку Совети

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жылына кеминде бир жолу Кыргыз Республикасынын Жогорку Советине өз иши тууралуу маалымдап турат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн отчетун талап кылууга акылуу. Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети Өкмөткө же анын айрым мүчөсүнө ишеним көрсөтпөй кое алат. Бул маселе боюнча чечим жашыруун добуш берүү аркылуу Кыргыз Республикасынын эл депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Өкмөттүн мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин сессияларына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин туруктуу комиссияларынын заседаниелерине катышууга укуктуу, өз ишине байланыштуу маселелер боюнча зарыл маалыматтарды берүүгө тийиштүү жана милдеттүү. Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин сессиясынын заседаниелеринде Кыргыз Республикасынын эл депутатынын, депутаттар тобунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин туруктуу комиссиясынын Өкмөттүн же ага караган органдарынын иштерине тийиштүү суроо-талабын алган Өкмөт мүчөсү закондо белгиленген тартипте оозеки же жазуу түрүндө жооп берүүгө милдеттүү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин туруктуу комиссияларынын Өкмөттүн ишмердигинин маселелери боюнча рекомендацияларын жана сунуштарын карайт жана зарыл чараларды көрөт. Рекомендацияларды жана сунуштарды кароонун натыйжалары жана Өкмөт көргөн чаралар жөнүндө ал белгилеген мөөнөттө тийиштүү комиссияларга билдирет.

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/205095/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/205095/st-8)
