7-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз
Күчүн жоготкон · 27.05.1994 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Постановление Жогорку Кенеша КР от 27 мая 1994 года N 1532-XII.
Республикасынын Жогорку Совети
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жылына кеминде бир жолу Кыргыз Республикасынын Жогорку Советине өз иши тууралуу маалымдап турат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн отчетун талап кылууга акылуу. Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети Өкмөткө же анын айрым мүчөсүнө ишеним көрсөтпөй кое алат. Бул маселе боюнча чечим жашыруун добуш берүү аркылуу Кыргыз Республикасынын эл депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Өкмөттүн мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин сессияларына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин туруктуу комиссияларынын заседаниелерине катышууга укуктуу, өз ишине байланыштуу маселелер боюнча зарыл маалыматтарды берүүгө тийиштүү жана милдеттүү. Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин сессиясынын заседаниелеринде Кыргыз Республикасынын эл депутатынын, депутаттар тобунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин туруктуу комиссиясынын Өкмөттүн же ага караган органдарынын иштерине тийиштүү суроо-талабын алган Өкмөт мүчөсү закондо белгиленген тартипте оозеки же жазуу түрүндө жооп берүүгө милдеттүү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин туруктуу комиссияларынын Өкмөттүн ишмердигинин маселелери боюнча рекомендацияларын жана сунуштарын карайт жана зарыл чараларды көрөт. Рекомендацияларды жана сунуштарды кароонун натыйжалары жана Өкмөт көргөн чаралар жөнүндө ал белгилеген мөөнөттө тийиштүү комиссияларга билдирет.
Берененин тексти 27.05.1994 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205095/st-7" title="7-статья - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>