# 5-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүн кызматка

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205095)
- Толук аталышы: РК 1991-жылдын 18-декабрындагы № 668-XII "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 668-XII
- Кабыл алынган күнү: 18.12.1991
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.05.1994
- Күчүн жоготуунун негизи: [Постановление Жогорку Кенеша КР от 27 мая 1994 года N 1532-XII "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/50739)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205095/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4973/edition/600918/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205095/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.05.1994 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө, 5-статья (27.05.1994 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205095/st-5

---

дайындоонун жана кызматтан бошотуунун тартиби

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери, Кыргыз Республикасынын министрлери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик комитеттеринин төрагалары Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат. Андай макулдук алганча Кыргыз Республикасынын Президенти аталган кызматтар боюнча милдеттерди аткарууну Кыргыз Республикасынын Жогорку Советине сунуш кылынган талапкерлерге жүктөй алат. Кыргыз Республикасынын Премьер-министрлигине, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлигине, Кыргыз Республикасынын министрликтерине, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитеттеринин төрагаларына сунуш кылынган талапкерлер Кыргыз Республикасынын эл депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү менен - Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети тарабынан четке кагылганда Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин кароосуна жаңы талапкерлерди сунуш кылат. Кыргыз Республикасынын Президенти Өкмөттүн полномочиесинин мөөнөтү аяктаганга чейин эле Өкмөттүн составына кирген адамды ээлеген кызматынан бошотууга акылуу.

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/205095/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/205095/st-6)
