# 20-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Президиуму

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205095)
- Толук аталышы: РК 1991-жылдын 18-декабрындагы № 668-XII "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 668-XII
- Кабыл алынган күнү: 18.12.1991
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.05.1994
- Күчүн жоготуунун негизи: [Постановление Жогорку Кенеша КР от 27 мая 1994 года N 1532-XII "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/50739)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205095/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4973/edition/600918/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205095/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.05.1994 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө, 20-статья (27.05.1994 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205095/st-20

---

Аткаруучу-тескөөчү ишмердиктин маанилүү жана кечиктирилгис маселелерин коллегиялуу чечүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун долбоорлорун даярдоо жана алдын-ала кароо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жетекчилиги астында иштеген Өкмөттүн Президиуму Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлөт. Өкмөттүн Президиумунун составына Премьер-министр, вице-премьер-министрлер, ошондой эле Президенттин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын айрым министрлери жана мамлекеттик комитеттеринин төрагалары кирет. Өкмөттүн Президиумунун составы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн. Өкмөттүн заседаниеси Республиканын Президентинин Төрагалыгы астында, ал эми жок болгондо же анын тапшыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин төрагалыгы астында өтөт. Президиумдун заседаниесинде кабыл алынган чечимдер Өкмөттүн токтомдору менен же Президенттин пикирине ылайык анын Указы менен оформить этилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/205095/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/205095/st-21)
