# 19-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн заседаниелери жана

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205095)
- Толук аталышы: РК 1991-жылдын 18-декабрындагы № 668-XII "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 668-XII
- Кабыл алынган күнү: 18.12.1991
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.05.1994
- Күчүн жоготуунун негизи: [Постановление Жогорку Кенеша КР от 27 мая 1994 года N 1532-XII "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/50739)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205095/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4973/edition/600918/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205095/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.05.1994 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө, 19-статья (27.05.1994 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205095/st-19

---

чечимдерди кабыл алуу тартиби

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн заседаниелери зарылдыгына жараша өткөрүлөт. Өкмөттүн заседаниелеринде Кыргыз Республикасынын Президенти төрагалык кылат. Президент жок болгон учурда анын тапшыруусу боюнча заседаниени Премьер-министр өткөрөт. Өкмөттүн заседаниеси эгерде ага Өкмөттүн мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде жарымы катышса, маселе чечүүгө укуктуу болуп саналат. Заседаниеде Өкмөттүн чечими ага катышып жаткан Өкмөттүн мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар эки жакка бирдей болуп калса, төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет. Өкмөттүн заседаниесине администрациялык ведомстволордун, фонддордун, ишкер долбоорлордун жетекчилери, эл депутаттарынын областтык жана Бишкек шаардык Советтеринин төрагалары кеңеш берүүчү добуш менен катышууга акылуу.

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/205095/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/205095/st-20)
