18-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү
Күчүн жоготкон · 27.05.1994 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Постановление Жогорку Кенеша КР от 27 мая 1994 года N 1532-XII.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү:
- Өкмөттүн компетенциясына кирген маселелерди кароо жөнүндөгү сунушту Өкмөткө киргизүүгө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин иштеп чыгууга демилге көтөрүүгө акылуу;
- ишмердиктин өзүнө тапшырылган чөйрөсү үчүн жекече жоопкерчилик тартат, ошондой эле өз компетенциясынын чектеринде аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн заседаниелеринде маселелерди кароого чечүүчү добуш менен катышат;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшыруусу боюнча өздөрүнүн компетенциясынын чөйрөсүндө болгон Өкмөттөр аралык келишимдерге жана макулдашууларга кол коет.
- ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда башка кызматтарды, коомдук бирикмелерде акы төлөнүүчү кызматтарды ээлөөгө, ошондой эле ээлик кылуу ишмердигин жүргүзүүгө акысыз;
- бир эле учурда Кыргыз Республикасынын эл депутаты боло албайт;
- отставкага кетүүгө укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Министрлери, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитеттеринин төрагалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана анын Президиумунун заседаниелеринде каралуучу маселелерден, ошондой эле белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын башка министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана мамлекеттик башкаруунун башка органдары менен макулдашууну талап кылган маселелерден тышкары өздөрүнө тапшырылган ишкердик чөйрөсүнө тиешелүү мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча өз алдынча чечим кабыл алышат. Өкмөттүн мүчөлөрүнүн эмгек шарты жана социалдык жактан коргоонун гарантиялары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
IV Глава Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иштөө тартиби
Берененин тексти 27.05.1994 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205095/st-18" title="18-статья - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>