14-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн негизги функциялары
Күчүн жоготкон · 27.05.1994 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Постановление Жогорку Кенеша КР от 27 мая 1994 года N 1532-XII.
жана полномочиелери
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- экономикалык жана социалдык-маданий жактан өнүктүрүүнүн жана мамлекеттик башкаруунун кыйла маанилүү маселелерин кароонун жыйынтыктары боюнча токтомдорду жана буйруктарды кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоорун даярдоо маселесин, Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетин учурда аткаруунун маселелерин, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен тышкары фонддорду түзүү жана аткаруу маселелерин карайт;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык жактан өнүктүрүү программаларынын долбоорлорун карайт;
- мамлекеттик казына кагаздарын жүгүртүүгө чыгаруунун көлөмүн жана мамлекеттик ички жана тышкы карыздарын көбөйтүүнүн чектерин аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин кароосуна коет;
- мамлекеттик бекитилген баалар колдонулуучу продукциялардын, товарлардын жана кызматтардын номенклатурасын белгилейт;
- товарлардын айрым түрлөрүн чыгарууга жана кызмат көрсөтүүгө же ишкердиктин айрым чөйрөлөрүнө же граждандардын айрым категорияларына салык салуунун ставкаларын белгилөө жана өзгөртүү боюнча сунуштарды карайт;
- мамлекеттик менчикти приватташтыруунун жылдык программасынын долбоорлорун бекитет жана приватташтыруудан алынган каражаттарды Кыргыз Республикасынын законуна ылайык пайдалануунун негизги багыттары боюнча сунуштарды карайт;
- Кыргыз Республикасынын министрликтерин, мамлекеттик комитеттерин, мамлекеттик башкаруунун жана уюштуруучулук структураларынын башка органдарын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндөгү сунуштарды даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш кылуу жөнүндө чечим кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына тиешелүү маселелер боюнча өкмөттөр аралык макулдашууларга кол коюу жөнүндө чечим кабыл алат;
- министрликтердин мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, башка уюштуруу структураларынын, жергиликтүү Советтердин аткаруучу органдарынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын закондоруна карама-каршы келген актыларын жокко чыгарат.
Берененин тексти 27.05.1994 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205095/st-14" title="14-статья - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>