# 11-статья. Кыргыз Республикасынын административдик ведомстволору

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205095)
- Толук аталышы: РК 1991-жылдын 18-декабрындагы № 668-XII "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 668-XII
- Кабыл алынган күнү: 18.12.1991
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.05.1994
- Күчүн жоготуунун негизи: [Постановление Жогорку Кенеша КР от 27 мая 1994 года N 1532-XII "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/50739)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205095/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4973/edition/600918/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205095/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.05.1994 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө, 11-статья (27.05.1994 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205095/st-11

---

Кыргыз Республикасынын административдик ведомстволору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында иштеген мамлекеттик агентстволорду жана мамлекеттик инспекцияларды өзүнө камтыйт. Мамлекеттик агентство - ишкердиктин ар кандай чөйрөлөрүндө, негизинен маалымат менен камсыз кылуу формасында мамлекеттик башкаруунун жөнгө салуу функцияларын ишке ашырган административдик ведомство. Мамлекеттик инспекция - ишкердиктин ар кайсы чөйрөлөрүндө мамлекеттик башкаруунун контролдук кылуу функцияларын аткарган административдик ведомство. Мамлекеттик агентстволор менен мамлекеттик инспекциялар Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлөт жана аларды Кыргыз Республикасынын Президенти дайындаган директорлор башкарат. Мамлекеттик агентстволор жана мамлекеттик инспекциялар өз компетенцияларынын чектеринде нормативдик актыларды чыгарат жана Кыргыз Республикасынын закондорунун, Кыргыз Республикасынын Советинин токтомдорунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун жана буйруктарынын, ошондой эле өзүлөрүнүн актыларынын аткарылышына контролдук кылат. Кыргыз Республикасынын Президенти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министри мамлекеттик агентстволор менен мамлекеттик инспекциялардын актыларын алып салууга акылуу.

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/205095/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/205095/st-12)
