# 10-статья. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205095)
- Толук аталышы: РК 1991-жылдын 18-декабрындагы № 668-XII "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 668-XII
- Кабыл алынган күнү: 18.12.1991
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.05.1994
- Күчүн жоготуунун негизи: [Постановление Жогорку Кенеша КР от 27 мая 1994 года N 1532-XII "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/50739)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205095/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4973/edition/600918/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205095/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.05.1994 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө, 10-статья (27.05.1994 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205095/st-10

---

комитеттери жана алардын негизги функциялары

Тийиштүү ишкердик чөйрөлөрүндө аткаруучу-тескөөчү функцияларды ишке ашырган мамлекеттик башкаруунун борбордук органдары Кыргыз Республикасынын министрликтери болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик комитеттери ишмердиктин ар кандай чөйрөлөрүндө, негизинен координациялык жөнгө салуу түрүндө башкарууну ишке ашырган мамлекеттик башкаруу органы болуп саналат. Министрликтер жана Мамлекеттик комитеттер Кыргыз Республикасынын закондорунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин токтомдорунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун жана буйруктарынын негизинде жана аларды аткаруу иретинде аракеттенет. Министрликтерге - министрлер, Мамлекеттик комитеттерге - Төрагалар башчылык кылат. Алар министрликтерге жана мамлекеттик комитеттерге жүктөлгөн функциялардын аткарылышы үчүн жекече жоопкерчилик тартат. Кыргыз Республикасынын министрликтери, Мамлекеттик комитеттери өз компетенциясынын чектеринде нормативдик актыларды чыгарууга жана алардын аткарылышын текшерүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын Президенти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министри министрликтердин жана Мамлекеттик комитеттеринин нормативдик актыларын алып салууга акылуу. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана Мамлекеттик комитеттеринин тизмеси Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/205095/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/205095/st-11)
