# 7-берене. Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставы

- Документ: [Ош шаарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205093)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 12-декабрындагы № 219 "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 219
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 июля 2025 года № 140 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О статусе столицы", "О статусе города Ош")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029603)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205093#diff=17248..34960>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4971/edition/970139/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205093/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаарынын статусу жөнүндө, 7-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-7

---

1. Ош шаары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кабыл алынган жергиликтүү жамааттын Уставына ээ.

2. Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуу маселелерин чечүүдө жарандардын, шаардык кеңештин жана мэриянын өз ара мамилелерин, республикалык маанидеги шаарда аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын түзүүнүн жана анын ыйгарым укуктарынын өзгөчөлүктөрүн, шаар куруу түзүлүшүн, шаардын жергиликтүү жамаатынын мүчөсүнүн статусун берүүнүн шарттарын жана тартибин, шаардын ушул Мыйзамда белгиленген иш-милдеттерди жүзөгө ашыруусуна караштуу башка маселелерди аныктайт.

3. Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган тартипте Ош шаарынын мэриясынын сунуштамасы боюнча Ош шаардык кеңеши тарабынан кабыл алынат.

Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.

4. Жергиликтүү жамааттын Уставынын жоболору менчигинин формасына карабастан, анын ведомстволук караштуулугундагы аймакта жайгашкан бардык ишканалар, уюмдар, мекемелер жана жарандар үчүн аткарылууга милдеттүү.

(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-8)
