# 4-берене. Республикалык маанидеги шаардын иш-милдеттерин Ош шаарынын жүзөгө ашыруусунда мамлекеттик бийлик органдарынын көмөк көрсөтүүсү

- Документ: [Ош шаарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205093)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 12-декабрындагы № 219 "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 219
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4971/edition/970139/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205093/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаарынын статусу жөнүндө, 4-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-4

---

Республикалык маанидеги шаардын иш-милдеттерин Ош шаарынын жүзөгө ашыруусунда мамлекеттик бийлик органдары төмөнкүлөргө катышуу жолу менен көмөк көрсөтөт:

1) республикалык маанидеги шаар катары Ош шаарынын өнүгүүсүнүн максаттуу программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга;

2) Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдерге жана макулдашууларга ылайык, республикалык маанидеги шаардын иш-милдеттерин шаардын аткаруусу үчүн зарыл болгон объектилерди Ош шаарынын аймагында куруу, реконструкциялоо жана күтүү пландарын жүзөгө ашырууга;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык маанидеги шаардын иш-милдеттерин шаардын аткаруусу менен байланышкан Ош шаарынын аймагындагы байланыш каражаттарын, автомобиль жолдорун, транспорттук тутумдарын күтүүгө жана өнүктүрүүгө;

4) шаардын аймагында жашаган жарандардын социалдык-маданий жана коммуналдык турмуш-тиричилик керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган турак жай коммуналдык чарба объектилерин өнүктүрүүгө;

5) жаратылышты коргоо иш чараларын, коомдук тартипти, өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча, өзгөчө кырдаалдардан коргоо жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш чараларды жүргүзүүгө.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-5)
