# 3-берене. Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттери

- Документ: [Ош шаарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205093)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 12-декабрындагы № 219 "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 219
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4971/edition/970139/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205093/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаарынын статусу жөнүндө, 3-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-3

---

Республикалык маанидеги шаардын иш-милдеттерин Ош шаарынын жүзөгө ашыруусуна байланыштуу Ош шаарынын өз алдынча башкаруу органдары:

1) мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик бийлик органдарына жана алардын аймактык бөлүкчөлөрүнө, ошондой эле чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнө муниципалдык менчиктеги жер участокторун, имараттарды, курулуштарды, курулмаларды жана орун жайларды, турак жай фонддорун, турак жай-коммуналдык, медициналык жана башка кызматтарды көрсөтөт;

2) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен республикалык жана эл аралык иш чараларды өткөрүү үчүн зарыл шарттарды камсыз кылат;

3) Ош шаарын өнүктүрүүнүн республикалык максаттуу программаларын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат;

4) шаардын аймагынан өтүүчү автомобиль жолдорун курууга, реконструкциялоого жана күтүүгө катышат, калкты транспорт менен тейлөөнү жана байланыш каражаттарын өнүктүрүүнү камсыз кылат;

5) муниципалдык менчикте турган тарыхый жана маданий эстеликтердин сакталышын камсыз кылат жана мамлекеттик менчикке таандык болгон тарыхый жана маданий эстеликтерди күтүүгө катышат;

6) мыйзамдарга ылайык башка иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-4)
