# 29-берене. Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун финансылык-экономикалык негиздери

- Документ: [Ош шаарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205093)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 12-декабрындагы № 219 "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 219
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4971/edition/970139/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205093/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаарынын статусу жөнүндө, 29-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-29

---

1. Шаардын өнүгүүсүнүн экономикалык негизин муниципалдык менчик, финансылык, жаратылыш жана шаардын аймагында турган башка ресурстар, ошондой эле шаардын аймагында иштерди жүзөгө ашыруучу ишканалар, уюмдар жана мекемелер түзөт.

2. Шаардын өнүгүүсүнүн финансылык негизин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бышыкталган кирешелердин салыктык жана салыктык эмес булактары, муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн жана аткарылган иштерден түшкөн кирешелер, ошондой эле кредиттик жана башка финансылык ресурстар түзөт.

3. Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин түзүү, кароо, бекитүү жана аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

4. Шаардын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кредиттик-финансылык институттарды, ошондой эле иштери шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылууга багытталган башка муниципалдык мекемелерди, ишканаларды түзө алат. Шаардын мэриясы коммерциялык уюмдар менен долбоорлордун уставдык капиталдарындагы пайлардын, акциялардын жана башка үлүштөрдүн ээси болуп саналат жана уставдык капиталдагы үлүштөргө ылайык пайда же анын бир бөлүгүн ала алат.

5. Республикалык бюджетти түзүүдө республикалык мааниге ээ илимий, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо мекемелерин жана экологиялык, анын ичинде Кыргыз Республикасынын калкынын миграциясына жана иш менен камсыз болуусуна байланышкан программаларды өнүктүрүү үчүн жергиликтүү бюджетти каржылоо каралат.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-30)
