# 28-берене. Администрациялык райондун башчысы

- Документ: [Ош шаарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205093)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 12-декабрындагы № 219 "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 219
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4971/edition/970139/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205093/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаарынын статусу жөнүндө, 28-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-28

---

1. Администрациялык райондун башчысы шаар мэриясынын аймактык бөлүмчөсүнүн жетекчиси болуп саналат жана шаардын мэри тарабынан ага өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын чектеринде иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.

2. Ош шаарынын администрациялык районунун башчысы:

1) райондун турмуш-тиричилигин камсыздоо боюнча администрациялык райондун, ведомстволук караштуулугундагы уюмдардын жана мекемелердин ишин жетектейт, бул иштердин натыйжалары үчүн жооп берет;

2) Ош шаарынын мэри тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды талаптагыдай аткарууну уюштуруу үчүн жекече жоопкерчилик тартат;

3) Ош шаарынын мэри тарабынан өткөрүлүп берилген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-29)
