# 27-берене. Ош шаарынын мэринин орун басарлары

- Документ: [Ош шаарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205093)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 12-декабрындагы № 219 "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 219
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 июля 2025 года № 140 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О статусе столицы", "О статусе города Ош")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029603)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205093#diff=17248..34960>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4971/edition/970139/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205093/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаарынын статусу жөнүндө, 27-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-27

---

1. Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары (орун басарлары) мэр тарабынан өз алдынча дайындалат.

2. Шаардын мэринин биринчи орун басары (орун басарлары) кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен дайындалат.

3. Мэрдин биринчи орун басары мэр жок мезгилде анын ордун ээлеп турат жана мэр тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткарат. Мэрдин орун басары мэр жүктөгөн милдеттерди аткарат жана биринчи орун басардын кызмат орду жок болгон учурда анын ордун ээлейт.

4. Мэрдин биринчи орун басары (орун басарлары) өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыргандыгы үчүн мэрдин алдында жоопкерчилик тартат.

(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-28)
