23-берене. Мэрди кызмат ордуна дайындоонун жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби
Күчүндө · 02.07.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 июля 2025 года № 140
1. Шаардын мэри Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен белгиленген тартипте дайындалат.
2. Мэрдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 5 жыл.
3. Мэрдин ыйгарым укуктары шаардык кеңештин же Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө көз каранды эмес.
4. Ош шаарынын мэри ээлеген кызмат ордунан Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан төмөнкүдөй учурларда бошотулушу мүмкүн:
1) жеке арызынын негизинде;
2) мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн;
3) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмүнүн негизинде;
4) сот тарабынан ал аракетке жөндөмсүз деп таанылган учурда;
5) аны өлдү, дайынсыз жоголду деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген, ошондой эле ал каза болгон учурда;
6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;
7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;
8) эмгекке туруктуу жөндөмсүздүгүнүн натыйжасында өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүн болбогон учурда;
9) шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен ишеним көрсөтүлбөгөн учурда;
10) анын иши кабыл алынган чечимдерге жана саясий жетекчилик тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка шайкеш келбегенде;
11) ишенимди жоготкондо;
12) тараптардын эркине көз каранды эмес жагдайлар боюнча.
5. Мэр кызмат ордунан бошотулган учурда, анын милдеттери жаңы мэр дайындалганга чейин мэрдин биринчи орун басарына жүктөлөт.
Мэрдин биринчи орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда, мэрдин милдеттери мэрдин орун басарына жүктөлөт.";
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 02.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 4-июлундагы № 139 "Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэрин шайлоону дайындоо…Постановление · 04.07.2018 · № 139
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 10-январындагы № 5 "Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин күбөлүгүнүн үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.01.2014 · № 5
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-декабрындагы № 187 "Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоону дайындоо…Постановление · 26.12.2013 · № 187
- Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 15-январындагы № 144 "Ош шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө" токтомуПостановление · 15.01.2014 · № 144
- Ош шаардык кенешинин 2021-жылдын 26-августу № 4 "Ош шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө" токтомуПостановление · 26.08.2021 · № 4
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205093/st-23" title="23-берене - Ош шаарынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>