18-берене. Ош шаарынын мэри жана мэриясы
Күчүндө · 02.07.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 июля 2025 года № 140
1. Шаарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы мэр башында турган мэрия болуп саналат.
2. Ош шаарынын мэриясы шаарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Кыргыз Республикасынын башка органдарынын компетенциясына киргизилген ыйгарым укуктарды кошпогондо, мамлекеттик ыйгарым укуктарынын жана жергиликтүү өз алдынча ыйгарым укуктарынын бардык өткөрүлүп берилген маселелерин аткаруучу орган болуп саналат.
3. Мэр - шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумундагы дайындалуучу кызмат адамы, шаарда мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекет тарабынан ага өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын чектеринде аткаруу бийлигинин иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга жооптуу шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын жетекчиси.
4. Анын компетенциясына кирген маселелер боюнча мэрия тарабынан кабыл алынган чечимдерге шаардын мэри тарабынан кол коюлат.
Ош шаарынын мэриясынын чечимдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамына карама-каршы келген учурда, аларды жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 02.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 10 июля 2025 года № 140 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О статусе столицы", "О статусе города Ош")"Редакцияларды салыштыруу
10.07.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Шаарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы мэр алынып салынды: жетектеген кошулду: башында турган мэрия болуп саналат.
2. Ош шаарынын мэриясы шаарда жергиликтүү өз … киргизилген ыйгарым укуктарды кошпогондо, мамлекеттик алынып салынды: башкаруунун кошулду: ыйгарым укуктарынын жана жергиликтүү өз алдынча алынып салынды: башкаруунун кошулду: ыйгарым укуктарынын бардык өткөрүлүп берилген маселелерин аткаруучу орган болуп саналат.
3. Мэр - шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумундагы алынып салынды: шайлануучу кошулду: дайындалуучу кызмат адамы, шаарда мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө жана Кыргыз … Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
кошулду: (КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205093/st-18" title="18-берене - Ош шаарынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>