# 15-берене. Ош шаардык кеңешинин компетенциясы

- Документ: [Ош шаарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205093)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 12-декабрындагы № 219 "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 219
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 июля 2025 года № 140 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О статусе столицы", "О статусе города Ош")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029603)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205093#diff=17248..34960>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4971/edition/970139/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205093/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаарынын статусу жөнүндө, 15-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-15

---

1. Ош шаардык кеңешинин компетенциясы "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ушул Мыйзам жана шаардын Уставы менен аныкталат.

2. Шаардык кеңештин компетенциясына "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралгандардан тышкары төмөнкүлөр кирет:

1) муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди бекитүү;

2) шаардын аймактык түзүлүшүнүн тартибин бекитүү, администрациялык райондорду атоо, кайра атоо, ошондой эле алардын чек араларын белгилөө жана өзгөртүү жана алардын башкаруу органдарын күтүү;

3) шаардын аймагында көрктөндүрүү, соода, тышкы жарнакты жана маалыматтарды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;

4) шаардын аймагында үй жаныбарларын кармоонун жана мал жаюунун эрежелерин бекитүү.

3. Шаардык кеңештин сессияларында жалпы кызыкчылык туудурган иш-чараларды жүзөгө ашыруу же иштерди аткаруу үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк чарба жүргүзүүчү субъекттер жана коомдук уюмдар менен кызматташуу жөнүндө маселелер чечилиши мүмкүн.

(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-16)
