# 14-берене. Ош шаардык кеңешинин жетекчилиги

- Документ: [Ош шаарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205093)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 12-декабрындагы № 219 "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 219
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 июля 2025 года № 140 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О статусе столицы", "О статусе города Ош")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029603)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205093#diff=17248..34960>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4971/edition/970139/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205093/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаарынын статусу жөнүндө, 14-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-14

---

1. Ош шаардык кеңешинин жетекчилиги төрагадан жана эки орун басарынан турат.

2. Шаардык кеңештин төрагасы жана төраганын орун басарлары шаардык кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүү менен шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланышат.

3. Шаардык кеңештин төрагасынын жана төраганын орун басарларын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүнүн, шайлоонун жана ээлеген кызмат ордунан бошотуунун тартиби шаардык кеңештин Регламенти менен белгиленет.

4. Шаардык кеңештин төрагасынын жана төраганын орун басарларынын ишмердүүлүгү туруктуу жана акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылат.

Төрага жана төраганын орун басарлары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, башка акы төлөнүүчү кызмат орундарын ээлөөгө укуксуз. (КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-15)
