# 13-берене. Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары

- Документ: [Ош шаарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205093)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 12-декабрындагы № 219 "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 219
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205093#diff=970142..17247>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4971/edition/970139/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205093/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаарынын статусу жөнүндө, 13-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-13

---

1. Шаардык кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле кеңештин чечимин ишке ашырууга катышуу, Ош шаарынын аймагында жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан ал чечимдердин аткарылышын контролдоо үчүн туруктуу комиссиялар түзүлөт.

2. Шаардык кеңеш айрым маселелерди изилдөө жана аларды териштирүүнү жүргүзүү үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат.

Комиссияларды түзүү жөнүндө сунушту фракциялар же туруктуу комиссиялар киргизүүгө укуктуу.

3. Туруктуу жана убактылуу комиссиялардын сандык курамы, аларды түзүүнүн тартиби жана ыйгарым укуктары шаардык кеңештин Регламенти менен аныкталат.

4. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-14)
