12-берене. Депутаттык фракциялар
Күчүндө · 02.07.2026 редакциясы · 2-глава
1. Шаардык кеңештин депутаттары депутаттык фракцияларга биригишет.
2. Депутаттык фракция партиялык тизменин негизинде түзүлөт жана шаардык кеңеш тарабынан катталууга жатат.
3. Фракциялар фракциялардын коалициясына биригиши мүмкүн. Коалицияга биригүү каалоосун билдирген фракциялар шаардык кеңештин жыйналышында фракциялардын коалициясын түзүү жөнүндө жарыялашат.
4. Шаардык кеңеште депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон, фракциялардын коалициясын түзүү жөнүндө расмий жарыялаган фракция же фракциялардын коалициясы шаардык кеңеште көпчүлүк деп эсептелет.
Көпчүлүктүн курамына кирбеген жана өзүн көпчүлүккө карата оппозиция катары жарыя кылган фракция же фракциялардын коалициясы шаардык кеңеште оппозиция деп эсептелет. Фракциялардын же көпчүлүк фракциялардын коалициясынын курамына кирбеген жана көпчүлүккө карата өзүн оппозиция катары жарыя кылбаган фракция же фракциялардын коалициясы шаардык кеңеште азчылык деп эсептелет.
5. Шаардык кеңеште бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы оппозициялык фракциянын же фракциялардын оппозициялык коалициясынын курамынан шайланат.
Эгерде шаардык кеңеште бир да фракция же фракциялардын коалициясы өздөрүн оппозициялык деп жарыя кылышпаса, анда бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы азчылыктын курамынан шайланат. Эгерде шаардык кеңештин курамында оппозиция же азчылык жок болгон учурда, мындай эреже колдонулбайт.
6. Депутаттык фракцияларды түзүүнүн жана ишинин тартиби шаардык кеңештин Регламенти менен белгиленет.
Берененин тексти 02.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Ош шаардык кеңешинин 2021-жылдын 1-августундагы № 1 "Депутаттык фракцияларды каттоо жөнүндө" токтомуПостановление · 02.08.2021 · № 1
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205093/st-12" title="12-берене - Ош шаарынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>