# 11-берене. Ош шаардык кеңешинин ишин уюштуруу

- Документ: [Ош шаарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205093)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 12-декабрындагы № 219 "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 219
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4971/edition/970139/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205093/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаарынын статусу жөнүндө, 11-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-11

---

1. Ош шаардык кеңешинин ишинин негизги уюштуруучулук формасы сессия болуп саналат.

2. Ош шаардык кеңешинин сессияларын чакыруунун тартиби жана өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү анын Регламенти менен аныкталат.

3. Ош шаардык кеңешинин биринчи сессиясында жашы улуу депутат төрагалык кылат.

4. Аймактын кызыкчылыгын козгогон маселелер боюнча Ош шаардык кеңеши сессиянын ишине, туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына катышуу үчүн тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн өкүлдөрүн чакыра алат.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-12)
