# 1-берене. Ош шаарынын статусу

- Документ: [Ош шаарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205093)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 12-декабрындагы № 219 "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 219
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4971/edition/970139/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205093/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаарынын статусу жөнүндө, 1-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-1

---

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Ош шаары өзгөчө мамлекеттик мааниге ээ республикалык маанидеги шаар болуп саналат, аны башкаруу мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү боюнча мамлекеттик башкарууну айкалыштыруу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу принциптеринде жүзөгө ашырылат.

2. Ош шаары - администрациялык-саясий, экономикалык, илимий-билим берүүчү, руханий жана тарыхый-маданий борбор болуп саналган, Кыргыз Республикасынын Президентинин түштүктөгү резиденциясы жана Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик органдары, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, ошондой эле чет мамлекеттердин консулдук мекемелери жайгашкан шаар.

3. Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик символдорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланууга укугу бар.

Ош шаары өзүнүн Ош шаардык кеңеши тарабынан бекитилген символдоруна (герб, туу, гимн) ээ.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205093/st-2)
