# 7-берене. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставы

- Документ: [Борбордун статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205092)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 12-декабрындагы № 218 "Борбордун статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 июля 2025 года № 140 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О статусе столицы", "О статусе города Ош")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029603)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205092#diff=17230..34956>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205092/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4970/edition/977640/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205092/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Борбордун статусу жөнүндө, 7-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205092/st-7

---

1. Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кабыл алынган жергиликтүү жамаатынын Уставына ээ.

2. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы шаардын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу маселелерин чечүүдө Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү менен Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара мамилелеринин тартибин; борбордогу аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын түзүүнүн жана ыйгарым укуктарынын өзгөчөлүктөрүн, шаар куруу түзүлүштөрүн, шаардын жергиликтүү жамаатынын мүчөсүнүн статусун берүүнүн шарттарын жана тартибин, шаар тарабынан ушул Мыйзамда белгиленген иш-милдеттерди жүзөгө ашырууга тийиштүү башка маселелерди аныктайт.

3. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталган тартипте Бишкек шаарынын мэриясынын сунуштамасы боюнча Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.

Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.

4. Жергиликтүү жамааттын Уставынын жоболору өзүнө ведомстволук караштуулуктагы аймакта жайгашкан, менчигинин формасына карабастан бардык ишканалар, уюмдар, мекемелер жана жарандар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болот.

5. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сайтында жарыяланат.

(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205092/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205092/st-8)
