# 5-берене. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттери

- Документ: [Борбордун статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205092)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 12-декабрындагы № 218 "Борбордун статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205092/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4970/edition/977640/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205092/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Борбордун статусу жөнүндө, 5-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205092/st-5

---

Бишкек шаары тарабынан борбордун иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга байланыштуу шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

1) мамлекеттик бийлик органдарына жана алардын аймактык бөлүмчөлөрүнө, ошондой эле чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнө мыйзамда белгиленген тартипте муниципалдык менчикте турган жер участокторун, имараттарды, курулуштарды, курулмаларды жана жайларды, турак жай фондун, турак жай-коммуналдык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү берет;

2) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен республикалык жана эл аралык иш-чараларды өткөрүү үчүн зарыл шарттарды камсыз кылат;

3) шаарды өнүктүрүүнүн республикалык максаттуу программаларын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат;

4) шаардын аймагы аркылуу өткөн байланыш каражаттарын, автомобиль жолдорун күтүүгө жана өнүктүрүүгө катышат, калкты транспорт менен тейлөөнү камсыз кылат;

5) муниципалдык менчикте турган тарых жана маданият эстеликтеринин сакталышын камсыз кылат жана мамлекеттик менчикке таандык болгон тарых жана маданият эстеликтерин күтүүгө катышат;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205092/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205092/st-6)
