# 4-берене. Бишкек шаары тарабынан борбордун иш-милдеттерин жүзөгө ашырууда мамлекеттик бийлик органдарынын көмөк көрсөтүүсү

- Документ: [Борбордун статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205092)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 12-декабрындагы № 218 "Борбордун статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205092/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4970/edition/977640/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205092/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Борбордун статусу жөнүндө, 4-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205092/st-4

---

Бишкек шаары тарабынан борбордун иш-милдеттерин жүзөгө ашырууда мамлекеттик бийлик органдары төмөнкүлөргө катышуу жолу менен көмөк көрсөтүшөт:

1) республиканын борбору катары шаарды өнүктүрүүнүн максаттуу программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга;

2) шаар тарабынан борбордун иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон объекттерди шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдерге жана макулдашууларга ылайык куруу, реконструкциялоо жана күтүү пландарын жүзөгө ашырууга;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаардын аймагында шаар тарабынан борбордун иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу менен байланышкан байланыш каражаттарын, автомобиль жолдорун, транспорт тутумдарын күтүүгө жана өнүктүрүүгө;

4) шаардын калкынын социалдык-маданий жана коммуналдык-тиричилик муктаждыктарын канааттандырууга багытталган турак жай-коммуналдык чарба объекттерин өнүктүрүүгө;

5) жаратылышты коргоо иш-чараларын, коомдук тартипти, өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча, өзгөчө кырдаалдардан коргоо жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205092/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205092/st-5)
