# 31-берене. Бишкек шаарынын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара мамилелери

- Документ: [Борбордун статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205092)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 12-декабрындагы № 218 "Борбордун статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205092/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4970/edition/977640/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205092/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Борбордун статусу жөнүндө, 31-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205092/st-31

---

Бишкек шаары мамлекеттик бийлик органдарына, ошондой эле чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө алардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышы үчүн зарыл болгон муниципалдык менчикте турган жер участокторун, имараттарды жана курулмаларды, турак жай-коммуналдык жана башка кызматтарды акы төлөнүүчү негизде берет; мамлекеттик жана эл аралык иш-чараларды өткөрүү үчүн шарттарды камсыз кылат. Шаардын аймагында турган министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана чарба жүргүзүүчү субъекттер менен өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ортосундагы милдеттенмелер боюнча талаш-тартыштар макулдашуу жол-жоболору аркылуу же сот органдары тарабынан чечилет.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205092/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205092/st-32)
