31-берене. Бишкек шаарынын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара мамилелери
Күчүндө · 02.07.2026 редакциясы · 2-глава
Бишкек шаары мамлекеттик бийлик органдарына, ошондой эле чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө алардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышы үчүн зарыл болгон муниципалдык менчикте турган жер участокторун, имараттарды жана курулмаларды, турак жай-коммуналдык жана башка кызматтарды акы төлөнүүчү негизде берет; мамлекеттик жана эл аралык иш-чараларды өткөрүү үчүн шарттарды камсыз кылат. Шаардын аймагында турган министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана чарба жүргүзүүчү субъекттер менен өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ортосундагы милдеттенмелер боюнча талаш-тартыштар макулдашуу жол-жоболору аркылуу же сот органдары тарабынан чечилет.
Берененин тексти 02.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205092/st-31" title="31-берене - Борбордун статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>