# 28-берене. Бишкек шаарынын администрациялык районунун башчысы

- Документ: [Борбордун статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205092)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 12-декабрындагы № 218 "Борбордун статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205092/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4970/edition/977640/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205092/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Борбордун статусу жөнүндө, 28-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205092/st-28

---

1. Бишкек шаарынын администрациялык районунун башчысы шаардын мэриясынын аймактык бөлүмчөсүнүн жетекчиси болуп саналат жана иш-милдеттерин өзүнө шаардын мэри тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чектеринде жүзөгө ашырат.

2. Бишкек шаарынын администрациялык районунун башчысы:

1) администрациялык райондун, райондун жашоо-тиричилигин камсыз кылуу боюнча ведомстволук баш ийүүдөгү уюмдардын жана мекемелердин ишине жетекчилик кылат, ошол иштердин натыйжалары үчүн жооп берет;

2) Бишкек шаарынын мэри тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды тийиштүү деңгээлде аткарууну уюштуруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

3) өзүнө Бишкек шаарынын мэри тарабынан өткөрүлүп берилген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205092/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205092/st-29)
