# 23-берене. Мэрди кызмат ордуна дайындоонун жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби

- Документ: [Борбордун статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205092)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 12-декабрындагы № 218 "Борбордун статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 июля 2025 года № 140 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О статусе столицы", "О статусе города Ош")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029603)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205092#diff=17230..34956>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205092/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4970/edition/977640/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205092/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Борбордун статусу жөнүндө, 23-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205092/st-23

---

1. Шаардын мэри Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен белгиленген тартипте дайындалат.

2. Мэрдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 5 жыл.

3. Мэрдин ыйгарым укуктары шаардык кеңештин же Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө көз каранды эмес.

4. Бишкек шаарынын мэри ээлеген кызмат ордунан Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан төмөнкүдөй учурларда бошотулушу мүмкүн:

1) жеке арызынын негизинде;

2) мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн;

3) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмүнүн негизинде;

4) сот тарабынан ал аракетке жөндөмсүз деп таанылган учурда;

5) аны өлдү, дайынсыз жоголду деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген, ошондой эле ал каза болгон учурда;

6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;

7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;

8) эмгекке туруктуу жөндөмсүздүгүнүн натыйжасында өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүн болбогон учурда;

9) шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен ишеним көрсөтүлбөгөн учурда;

10) анын иши кабыл алынган чечимдерге жана саясий жетекчилик тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка шайкеш келбегенде;

11) ишенимди жоготкондо;

12) тараптардын эркине көз каранды эмес жагдайлар боюнча.

5. Мэр кызмат ордунан бошотулган учурда, анын милдеттери жаңы мэр дайындалганга чейин мэрдин биринчи орун басарына жүктөлөт.

Мэрдин биринчи орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда, мэрдин милдеттери мэрдин орун басарына жүктөлөт. (КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205092/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205092/st-24)
