# 14-берене. Бишкек шаардык кеңешинин жетекчилиги

- Документ: [Борбордун статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205092)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 12-декабрындагы № 218 "Борбордун статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 июля 2025 года № 140 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О статусе столицы", "О статусе города Ош")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029603)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205092#diff=17230..34956>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205092/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4970/edition/977640/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205092/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Борбордун статусу жөнүндө, 14-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205092/st-14

---

1. Бишкек шаардык кеңешинин жетекчилиги төрагадан жана эки орун басарынан турат.

2. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы жана төраганын орун басарлары Бишкек шаардык кеңешинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө сессияда депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүү менен шайланат.

3. Талапкерлерди көрсөтүүнүн, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасын жана төраганын орун басарларын шайлоонун жана ээлеген кызматынан бошотуунун тартиби Бишкек шаардык кеңешинин Регламенти менен белгиленет.

4. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын жана төраганын орун басарларынын иши туруктуу жана акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылат.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы жана төрагасынын орун басарлары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, башка акы төлөнүүчү кызматты ээлөөгө укуксуз.

(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205092/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205092/st-15)
