# 12-берене. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттык фракциялары

- Документ: [Борбордун статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205092)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 12-декабрындагы № 218 "Борбордун статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205092/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4970/edition/977640/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205092/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Борбордун статусу жөнүндө, 12-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205092/st-12

---

1. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары депутаттык фракцияларга биригет.

2. Депутаттык фракция (мындан ары - фракция) партиялык тизменин негизинде түзүлөт жана Бишкек шаардык кеңеши тарабынан катталууга жатат.

3. Фракциялар фракциялардын коалициясына биригиши мүмкүн. Коалицияга биригүү үчүн каалоосун билдирген фракциялар Бишкек шаардык кеңешинин жыйналышында фракциялардын коалициясын түзүү жөнүндө жарыялайт.

4. Депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон, фракциялардын коалициясын түзүү жөнүндө расмий жарыялаган фракция же фракциялардын коалициясы Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк деп эсептелинет.

Көпчүлүктүн курамына кирбеген жана көпчүлүккө карата өзүнүн оппозициясы жөнүндө жарыялаган фракция же фракциялардын коалициясы Бишкек шаардык кеңешиндеги оппозиция деп эсептелет. Фракциянын же көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясынын курамына кирбеген жана көпчүлүккө карата өзүнүн оппозициясы жөнүндө жарыялабаган фракция же фракциялардын коалициясы Бишкек шаардык кеңешиндеги азчылык деп эсептелет.

5. Бишкек шаардык кеңешиндеги бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы оппозициялык фракциянын же фракциялардын оппозициялык коалициясынын курамынан шайланат.

Эгерде Бишкек шаардык кеңешинде бир да фракция же фракциялардын коалициясы өздөрүн оппозициялык деп жарыя кылышпаса, анда бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы азчылыктын курамынан шайланат. Эгерде Бишкек шаардык кеңешинин курамында оппозиция же азчылык жок болгон учурда, мындай эреже колдонулбайт.

6. Депутаттык фракцияларды түзүүнүн жана ишинин тартиби Бишкек шаардык кеңешинин Регламенти менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205092/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205092/st-13)
