12-берене. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттык фракциялары
Күчүндө · 02.07.2026 редакциясы · 2-глава
1. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары депутаттык фракцияларга биригет.
2. Депутаттык фракция (мындан ары - фракция) партиялык тизменин негизинде түзүлөт жана Бишкек шаардык кеңеши тарабынан катталууга жатат.
3. Фракциялар фракциялардын коалициясына биригиши мүмкүн. Коалицияга биригүү үчүн каалоосун билдирген фракциялар Бишкек шаардык кеңешинин жыйналышында фракциялардын коалициясын түзүү жөнүндө жарыялайт.
4. Депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон, фракциялардын коалициясын түзүү жөнүндө расмий жарыялаган фракция же фракциялардын коалициясы Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк деп эсептелинет.
Көпчүлүктүн курамына кирбеген жана көпчүлүккө карата өзүнүн оппозициясы жөнүндө жарыялаган фракция же фракциялардын коалициясы Бишкек шаардык кеңешиндеги оппозиция деп эсептелет. Фракциянын же көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясынын курамына кирбеген жана көпчүлүккө карата өзүнүн оппозициясы жөнүндө жарыялабаган фракция же фракциялардын коалициясы Бишкек шаардык кеңешиндеги азчылык деп эсептелет.
5. Бишкек шаардык кеңешиндеги бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы оппозициялык фракциянын же фракциялардын оппозициялык коалициясынын курамынан шайланат.
Эгерде Бишкек шаардык кеңешинде бир да фракция же фракциялардын коалициясы өздөрүн оппозициялык деп жарыя кылышпаса, анда бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы азчылыктын курамынан шайланат. Эгерде Бишкек шаардык кеңешинин курамында оппозиция же азчылык жок болгон учурда, мындай эреже колдонулбайт.
6. Депутаттык фракцияларды түзүүнүн жана ишинин тартиби Бишкек шаардык кеңешинин Регламенти менен белгиленет.
Берененин тексти 02.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205092/st-12" title="12-берене - Борбордун статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>