Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 3, 158-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 140-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"140-статья. Доону камсыз кылуу үчүн негиздер
1. Ишке катышкан жактардын арызы боюнча сот доону камсыз кылуу чарасын көрүшү мүмкүн. Эгерде ушундай чараларды кабыл албоо соттун, бейтарап соттун чечимин аткарууну кыйындатса же мүмкүнчүлүк бербесе, доону камсыз кылууга иштин бардык абалында жол берилет.
2. Туруктуу иштеген бейтарап сот тарабынан каралган бейтарап териштирүүдө тараптардын арызы боюнча доону камсыз кылуу чаралары, доону камсыз кылуунун бир түрүн башка түрү менен алмаштыруу, доону камсыз кылууну жокко чыгаруу жана доону камсыз кылуу боюнча башка маселелер ушул главада каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.".
2. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 141-1-статья менен толукталсын:
"141-1-статья. Бейтарап териштирүү тарабынын доону камсыз кылуу тууралуу арызы
1. Бейтарап териштирүү тарабынын доону камсыз кылуу тууралуу арызы бейтарап соттун жайгашкан жери боюнча же болбосо жоопкердин жайгашкан же жашаган жери, же болбосо жоопкердин мүлкү жайгашкан жери боюнча берилет.
2. Бейтарап териштирүү тарабынын доону камсыз кылуу тууралуу арызына төмөнкүлөр тиркелет:
1) бейтарап териштирүүлөр демилгеленген, туруктуу иштеп жаткан бейтарап сот тарабынан күбөлөндүрүлгөн доо арызынын көчүрмөсү;
2) талашты бейтарап соттун чечүүсүнө берүү жөнүндө (бейтарап макулдашуу) макулдашуунун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.".
3. 146-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Бейтарап териштирүү тарабынын арызынын негизинде чыгарылган доону камсыз кылуу маселелери боюнча соттун аныктамасына даттанылган учурда, сот бейтарап соттон иштин материалдарынын талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн, жеке арызды кароо үчүн зарыл болгон материалдарды гана талап кылышы мүмкүн.".
4. 420-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бейтарап соттордун Кыргыз Республикасынын аймагында кабыл алынган чечимдерин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндө иштер боюнча өндүрүш соттор тарабынан ушул главада белгиленген өзгөчөлүктөр менен, жарандык сот өндүрүшүнүн жалпы эрежелери боюнча жүзөгө ашырылат.".
5. 424-статьяда:
4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу тууралуу же болбосо берүү жөнүндө соттун аныктамасына жогору турган сотко даттанылышы мүмкүн. Жогору турган сот келип түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө каралууга жаткан көзөмөл тартибиндеги даттанууларды кошпогондо, даттануу боюнча келип түшкөн ишти ал келип түшкөн күндөн тартып жыйырма күндөн кечиктирбестен кароого тийиш."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын: "5. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу тууралуу же болбосо берүү жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирбеген аныктамасына даттануу сот тарабынан биротоло формада аныктама чыгарылгандан кийин он күндүн ичинде берилиши мүмкүн. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу тууралуу же болбосо берүү жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген аныктамасына даттануу соттун аныктамасы күчүнө кирген күндөн тартып үч айдан ашпаган мөөнөттө берилиши мүмкүн.".
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Жарандык процесстик кодексиКодекс · 29.12.1999 · № 146 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205091/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>