# 9-берене. Фонддун уставдык ишин камсыз кылуу үчүн арналган фонддун мүлкү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205090)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-декабрындагы № 216 "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 11.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4968/edition/1075109/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205090/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө, 9-берене (28.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-9

---

1. Фонддун уставдык ишин камсыз кылуу үчүн арналган фонддун мүлкү төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:

1) уюштуруучулардын жыйынды (уюштуруучунун салымынын) салымдарынан;

2) фонддун эрежесинде жана тиешелүү келишимде каралган администрациялык чыгымдарды жабууга багытталган пенсиялык төгүмдөрдүн суммаларынын бөлүгүнөн. Мында пенсиялык төгүмдүн суммасынын бөлүгүнүн өлчөмү төгүмдүн суммасынын 3 пайызынан ашпоого тийиш;

3) фонддун мүлкүн пайдалануудан, анын ичинде инвестициялоодон түшкөн фонддун кирешесинен;

4) кайрымдуулук төгүмдөрүнөн жана башка мыйзамдуу түшүүлөрдөн.

2. Фонд мүлктү өз кароосу боюнча тескөөгө, анын ичинде аны ижарага берүүгө жана ижара акысы түрүндө киреше алууга укуктуу. Фонддун мүлкү инвестициялык активдерге инвестициялынышы мүмкүн.

3. Фонддун мүлкүн фонддун уставдык ишине байланышпаган максаттарга чыгымдоого, ошондой эле ачык акционердик коомдордун акцияларын сатып алууну кошпогондо, чарбалык коомдордун уставдык капиталдарына катышууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-10)
