9-берене. Фонддун уставдык ишин камсыз кылуу үчүн арналган фонддун мүлкү
Күчүндө · 28.07.2021 редакциясы · 3-глава
1. Фонддун уставдык ишин камсыз кылуу үчүн арналган фонддун мүлкү төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
1) уюштуруучулардын жыйынды (уюштуруучунун салымынын) салымдарынан;
2) фонддун эрежесинде жана тиешелүү келишимде каралган администрациялык чыгымдарды жабууга багытталган пенсиялык төгүмдөрдүн суммаларынын бөлүгүнөн. Мында пенсиялык төгүмдүн суммасынын бөлүгүнүн өлчөмү төгүмдүн суммасынын 3 пайызынан ашпоого тийиш;
3) фонддун мүлкүн пайдалануудан, анын ичинде инвестициялоодон түшкөн фонддун кирешесинен;
4) кайрымдуулук төгүмдөрүнөн жана башка мыйзамдуу түшүүлөрдөн.
2. Фонд мүлктү өз кароосу боюнча тескөөгө, анын ичинде аны ижарага берүүгө жана ижара акысы түрүндө киреше алууга укуктуу. Фонддун мүлкү инвестициялык активдерге инвестициялынышы мүмкүн.
3. Фонддун мүлкүн фонддун уставдык ишине байланышпаган максаттарга чыгымдоого, ошондой эле ачык акционердик коомдордун акцияларын сатып алууну кошпогондо, чарбалык коомдордун уставдык капиталдарына катышууга тыюу салынат.
Берененин тексти 28.07.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205090/st-9" title="9-берене - Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>