# 5-берене. Фондду, фонддун филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) түзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205090)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-декабрындагы № 216 "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 11.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2019 года № 101 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О накопительных пенсионных фондах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111948)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205090#diff=1075110..1075112>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4968/edition/1075109/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205090/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө, 5-берене (28.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-5

---

1. Фонд акционердик коом формасында түзүлөт.

2. Уюштуруу жолу менен фондду түзүү "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.

3. Фонд, анын филиалы (өкүлчүлүгү) Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет.

4. Кыргыз Республикасынын резиденттери - юридикалык жана жеке жактары фонддун уюштуруучулары жана (же) акционерлери боло алышат.

5. Уюштуруу жолу менен фондду түзүүдө жайгаштырылган анын акциялары тиешелүү лицензияны алууга арызды бергенге чейин уюштуруучулар тарабынан толук төлөнүүгө тийиш. Фонд жөнөкөй энчилүү акцияларды гана чыгарууга укуктуу. Фонддун векселдер менен операцияларды жүзөгө ашырууга жана зайымдарды берүүгө укугу жок. Фондго коюлган акча талаптарын чегерүү жолу менен фонддун акцияларын төлөөгө жол берилбейт. Фонд тарабынан баалуу кагаздарды жайгаштыруу "Акционердик коомдор жөнүндө" жана "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

6. Фонддун филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн ачуу үчүн төмөнкүлөр милдеттүү шарттар болуп саналат:

1) акыркы аяктаган финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча фонддун ишинин чыгашалуу эместиги;

2) фонддун филиалын (өкүлчүлүктөрүн) ачуу тууралуу чечимди кабыл алуу алдындагы үч ай ичинде фонд тарабынан пруденциялык ченемдердин сакталышы.

(КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-6)
