# 37-берене. Фондго карата колдонулуучу таасир этүү чаралары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205090)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-декабрындагы № 216 "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 11.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2021 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам небанковского финансового рынка"](https://aqlex.ai/kg/doc/112268)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.07.2021 [Закон КР от 22 июля 2021 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам небанковского финансового рынка"](https://aqlex.ai/kg/doc/112268); 22.03.2016 [Закон КР от 22 марта 2016 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в части осуществления лицензирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111303)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205090#diff=1075112..1075113>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4968/edition/1075109/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205090/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө, 37-берене (28.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-37

---

1. Пруденциялык ченемдер жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын сактоого милдеттүү башка ченемдери жана талаптары бузулгандыгы табылган, фонддун кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин укукка жат аракеттери же аракетсиздиктери ашкереленген учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык фондго жана (же) фонддун кызмат адамдарына карата ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөнкүдөй таасир этүү чаралары колдонулат:

1) ашкереленген кемчиликтерди белгиленген мөөнөттөрдө четтетүү жөнүндө жазуу жүзүндө жазма буйруктар;

2) уюштуруучулардын алдында фонддун кызмат адамдарын ээлеген кызмат орундарынан четтетүү маселесин демилгелөө;

3) милдеттенме-катты талап кылуу;

4) лицензияларды токтото туруу.

2. Фонддун милдеттенме-каты кемчиликтердин орун алгандыгын моюнга алуу фактысын жана пландаштырылган иш-чаралардын тизмегин көрсөтүү менен белгилүү бир так мөөнөттөрдө аларды жоюу боюнча жана (же) мындай бузууларга мындан ары жол берилбестигине фонддун жетекчилигинин кепилдигин камтуусу тийиш.

3. Милдеттенме-катты жана (же) ошол документте көрсөтүлген мөөнөттө жазуу жүзүндөгү келишимди аткаргандыгы тууралуу фонд тарабынан кабарлоонун тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

4. Таасир этүү чараларын жана санкцияларды колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

5. Фонд жана (же) фонддун кызмат адамдары топтолмо пенсиялык фонддорунун иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузган учурда аларга мурда таасир этүү чаралары колдонулгандыгына карабастан Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартышат.

(КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24, 2021-жылдын 28-июлундагы N 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-38)
