# 35-берене. Пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоо боюнча чыгымдарды төлөө

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205090)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-декабрындагы № 216 "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 11.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4968/edition/1075109/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205090/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө, 35-берене (28.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-35

---

1. Фонддун уставдык ишин камсыз кылуу менен байланышкан чыгымдарды төлөө пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоо менен байланышкан чыгымдарды кошпогондо, фонддун уставдык ишин камсыз кылуу үчүн арналган мүлктөрдөн жүргүзүлөт.

2. Милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоо менен байланышкан чыгымдарды төлөө пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүүлүгүнө жараша милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарынан жүргүзүлөт.

3. Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоо менен байланышкан чыгымдарды төлөө тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарынан жүргүзүлөт.

4. Фонддун сыйакысынын чектик көлөмү инвестициялык кирешенин 10 пайызынан ашпаган чектерде фонд тарабынан белгиленет.

5. Башкаруучу компания пенсиялык топтомдордун каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган сыйакыга, ошондой эле пенсиялык топтомдордун каражаттарын ишенимдүү башкарууда жүргүзүлгөн зарыл чыгымдардын ордун толтурууга укуктуу.

6. Ишенимдүү башкаруучуга сыйакы отчеттук жылда ишенимдүү башкаруучу тарабынан алынган мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтомдорду инвестициялоодон алынган кирешенин көлөмүнүн 10 пайызынан ашпаган өлчөмдө төлөнөт. Эгерде жылдын жыйынтыгы боюнча башкаруучу компанияга ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген таза активдердин наркы өспөсө, көрсөтүлгөн сыйакы төлөнүшү мүмкүн эмес. 1-январдан тартып 31-декабрды кошуп алганга чейинки календарлык жыл отчеттук жыл болуп саналат.

7. Башкаруучу компаниялардын зарыл болгон чыгымдарын төлөө боюнча фонддун суммалык чыгымдары отчеттук жылдагы тиешелүү келишим боюнча башкаруучу компаниялардын ишенимдүү башкаруусунда турган пенсиялык таза активдердин орточо наркынын 0,6 пайызынан ашпайт, анын ичинде депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө пенсиялык таза активдердин орточо наркынын 0,05 пайызынан ашпайт.

8. Башкаруучу компанияларга ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген каражаттар менен тикелей байланышкан чыгымдар, ошондой эле депозитарийдин (башкаруучу компанияларга депозитарийлик кызмат көрсөтүү жөнүндө келишими болгон учурда), аудиторлордун, жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучулардын, пенсиялык топтомдордун каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча мамилелердин башка катышуучуларынын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоо боюнча чыгымдарга кирет.

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-34)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-36)
