# 34-берене. Баалуу кагаздарга инвестицияланган пенсиялык топтомдордун каражаттарын сактоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205090)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-декабрындагы № 216 "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 11.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2019 года № 101 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О накопительных пенсионных фондах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111948)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205090#diff=1075110..1075112>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4968/edition/1075109/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205090/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө, 34-берене (28.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-34

---

1. Пенсиялык топтомдордун каражаттары инвестицияланган баалуу кагаздарды эсепке алуу жана аларга укуктарды өткөрүп берүү депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрүнө келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздар рыногундагы депозитарийдик ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы бар юридикалык жак гана депозитарий боло алат.

3. Фондго кызмат көрсөтүүчү депозитарийдин ишине карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

4. Пенсиялык топтомдордун каражаттары инвестицияланган баалуу кагаздарга укуктарды эсепке алууну депозитарий депозитарийге же башка жактарга таандык мүлккө укуктарды эсепке алуудан өзүнчө эсеп ачуу жолу менен обочолоп жүргүзүүгө тийиш.

5. Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттары инвестицияланган баалуу кагаздарга укуктарды эсепке алууну депозитарий милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттары инвестицияланган баалуу кагаздарга укуктарды эсепке алуудан обочолоп жүргүзүүгө тийиш.

6. Депозитарий фонддун баалуу кагаздарын башка максаттар, анын ичинде насыялык жана валюталык операциялар үчүн, ошондой эле өзүнүн карыздарын жана башка милдеттенмелерин төлөө үчүн пайдалана албайт.

7. Фонд менен түзүлгөн келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн депозитарий Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

(КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-35)
