# 32-берене. Башкаруучу компаниянын укуктары, милдеттери жана ишин чектөөлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205090)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-декабрындагы № 216 "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 11.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2019 года № 101 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О накопительных пенсионных фондах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111948)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205090#diff=1075110..1075112>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4968/edition/1075109/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205090/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө, 32-берене (28.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-32

---

1. Башкаруучу компания төмөнкү укуктарга ээ:

1) Эгерде баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары көрсөтүлгөн талаптарды канааттандыра албай калган учурларда, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга жооп берген баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу менен, фонддун башкаруусуна өткөрүп берилген пенсиялык топтомдордун каражаттарына карата бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга, келишимдерди бузууга жана акча каражаттарын талап кылып алууга карата чараларды көрүүгө;

2) сыйакыларга жана пенсиялык топтомдорду инвестициялоого байланышкан зарыл чыгымдардын ордун толтурууга.

2. Башкаруучу компания төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) пенсиялык топтомдордун каражаттарын аманатчылардын, катышуучулардын жана камсыздандырылган адамдардын кызыкчылыктарында гана инвестициялоого;

2) пенсиялык топтомдорду инвестициялоонун ушул Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугу үчүн ушул Мыйзамда жана пенсиялык топтомдордун каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген жоопкерчиликтерди тартууга;

3) мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарын өзүнчө инвестициялоону жана милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоону жүзөгө ашырууга;

4) депозитарий менен келишим түзүүгө жана анын көзөмөлү алдында фонддун башкаруусуна өткөрүп берилген пенсиялык топтомдордун каражаттары менен операцияларды жүзөгө ашырууга;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө башкарууда турган активдердин учурдагы рыноктук нарктарын жана таза активдердин нарктарын эсептеп чыгарууга;

6) ушул Мыйзамда жана пенсиялык топтомдордун каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттө пенсиянын топтолмо бөлүгүн төлөө үчүн каражаттарды фондго которууга;

7) пенсиялык топтомдордун каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимин бузуунун кесепетинен келип чыгышы мүмкүн болгон өз жоопкерчилигинин тобокелдигин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда камсыздандырууга;

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте башкарууда турган активдердин жалпы суммаларына карата өз каражаттарынын (капиталынын) жетиштүүлүгүн сактоого;

9) башкарууда турган баалуу кагаздарды рыноктук баадан төмөн эмес баада сатууга, ошондой эле баалуу кагаздарды рыноктук баадан жогору эмес баада сатып алууга. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн ошол фондулук куралдын соода-сатык эрежесине ылайык аныкталган баа рыноктук баа деп түшүнүлөт. Рыноктук баадан четтөө менен өткөрүлгөн бүтүмдөр жөнүндө отчет Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген форма боюнча ыйгарым укуктуу органга берилет;

10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө уюштуруучулардын, акционерлердин (катышуучулардын) түзүмү жана курамы жөнүндө маалыматты ачууга;

11) депозитарийдин аффилирленген адамы же болбосо анын аффилирленген жактары болбоого;

12) пенсиялык топтомдордун каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттө пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоо тууралуу отчетту, ошондой эле инвестициялоодон кирешелер жөнүндө отчетту фондго жана ыйгарым укуктуу органга берүүгө;

13) пенсиялык топтомдордун каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттө лицензияны колдонуунун токтотулушу же жокко чыгарылышы жөнүндө фондго маалымдоого, ошондой эле башкаруучу компаниянын уюштуруу документтериндеги олуттуу өзгөрүүлөр жөнүндө ыйгарым укуктуу органга жана фондго маалымдоого;

14) башкарууда, насыялык уюмдун өзүнчө банктык эсебинде турган пенсиялык топтомдордун каражаттарын обочолоого, пенсиялык топтомдордун каражаттары менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн эсепке алууну жүргүзүүгө;

15) пенсиялык топтомдордун каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишими токтотулган (бузулган) учурда ишенимдүү башкарууда турган пенсиялык топтомдордун каражаттарын фондго өткөрүп берүүнү пенсиялык топтомдордун каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган тартипте жана мөөнөттө камсыз кылууга.

3. Фонддун аманатчыларынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында башкаруучу компанияга төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) акциялардан тышкары баалуу кагаздардын башка түрлөрүн чыгарууга;

2) кандай болбосун ыкмалар менен зайымдарды берүүгө;

3) фондго таандык болбогон баалуу кагаздарды сатуу жөнүндө ("кыска сатуулар") келишимдерди түзүүгө;

4) кандай болбосун түрдө кепилчилик кылууга жана кепилдиктерди берүүгө, пенсиялык активдер менен күрөө бүтүмдөрүн жасоого;

5) пенсиялык топтомдорун каражаттарынын инвестициялары боюнча кепилдиктерди же кирешелердин убадасын камтыган маалыматтарды жарыялоого.

4. Башкаруучу компания пенсиялык топтомдордун каражаттарын башкарууну үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө укуксуз.

(КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-33)
