# 31-берене. Башкаруучу компаниялар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205090)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-декабрындагы № 216 "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 11.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4968/edition/1075109/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205090/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө, 31-берене (28.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-31

---

1. Пенсиялык топтомдордун каражаттарын башкаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилүүчү тиешелүү лицензиясы бар башкаруучу компания менен пенсиялык активдерди ишенимдүү башкаруу келишиминин негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Башкаруучу компания бир эле убакта эки же андан ашуун фонддор менен пенсиялык топтомдордун каражаттарын ишенимдүү башкарууга келишимдерди түзүүгө укуктуу.

3. Пенсиялык топтомдордун каражаттарын башкарууга келишим жазуу жүзүндө түзүлөт. Келишимдин жазуу жүзүндөгү формасын сактабоо анын жараксыздыгына алып келет.

4. Башкаруучу компаниянын мүлкү башкарууга өткөрүп берилген пенсиялык топтомдордун каражаттарынан обочолонгон болууга тийиш.

5. Пенсиялык топтомдордун каражаттарына башкаруучу компаниянын карызы боюнча жаза чарасы көрүлүшү мүмкүн эмес.

6. Башкаруучу компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жооп берген брокерлердин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланып, фонддун башкаруусуна өткөрүп берилген пенсиялык топтомдордун каражаттары менен бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга укуктуу.

7. Башкаруучу компанияларга жана алардын кызмат адамдарына коюлуучу талаптар "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана башкаруучу компаниялардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-32)
